Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды

Демилгечилер – Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Айбек Маткеримов маалымат берди. Мыйзам долбоорунун максаты сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторийди колдонуудагы мыйзамдан алып салуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык аймакка инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрөнү, саламаттыкты сактоого, мектептерге, спорт жана маданият үйлөрүнө ж.б. социалдык объектилерге түзүү болуп саналат.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна “мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары 1-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна “ичүүчү суу менен камсыз кылуу, сууну бөлүштүрүү ошондой эле тазалоочу жана суу чарба курулмаларын курууга бөлүнгөн” деген редакция сунушталат. Тактап айтканда, мыйзам долбоорунун максаты сугат жерлеринин аянтын көбөйтүү, ирригация тармагын жакшыртуу, социалдык обьекттерди куруудагы тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Бактияр Калпаев Баткен облусунун өзгөчө статусун эске алып, аймактагы жерлерди трансформациялоо процессин убагында бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх