Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Самаков КМШ ПААнын отурумунда баяндама жасады

 Транспорт чөйрөсүндө да Кыргызстан «Темир жол транспорту жөнүндө» мыйзамды ыңгайлаштырды

Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму өтүүдө. Анда комиссия мүчөлөрү Экономика жана финансы чөйрөсүндөгү моделдик мыйзамдардын бир катар долбоорлорун карап чыгышты.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков КМШ ПААнын Экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы иштеп чыккан жана КМШ ПАА кабыл алган моделдик мыйзам актыларынын жана сунуштамалардын Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарындагы колдонулушу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2010-жылдан бери Кыргызстан улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн КМШнын моделдик мыйзам актыларын активдүү колдонуп келет. Кубанычбек Самаков мындай актыларды ийгиликтүү колдонуунун мисалдарын келтирип, стратегиялык болжолдоону жөнгө салуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландаштыруу тууралуу сөз кылды.

«Алсак, моделдик актылар аккредитация жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгууда колдонулган. Ошондой эле биздин Салык кодекси көп жагынан КМШнын моделдик Салык кодексинин жоболоруна дал келет, бул бизнес жана жарандар үчүн салык процедураларын жөнөкөйлөтөт. Атаандаштык жана баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар да КМШнын моделдик мыйзамы менен шайкеш келтирилген, бул натыйжалуу монополияга каршы системаны түзүүнү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылды. Учурда Санарип кодексинин долбоору каралууда, анда эл аралык мыкты тажрыйбалар, анын ичинен КМШнын санариптик экономика жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча моделдик актыларынын сунуштары эске алынган. Транспорт чөйрөсүндө да Кыргызстан «Темир жол транспорту жөнүндө» мыйзамды ыңгайлаштырды. Ошону менен бирге КМШ принциптерине ылайык келтирилген автомобиль транспортунун тарифтерин жөнгө салуучу мыйзам иштөөдө», - деди.

Жыйынтыгында депутат Кубанычбек Самаков Кыргызстан мындан ары да жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана шериктештик алкагында кызматташтыкты бекемдөө үчүн КМШнын мыкты тажрыйбаларын колдонууга кызыкдар экенин кошумчалады

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх