Жамила Исаева Улуттук Жазуучулар союзунун 90 жылдык маарекесине катышты
Төраганын орун басары алдыңкы калемгерлерге Жогорку Кеңештин атынан атайын сыйлыктарды ыйгарды
Төраганын орун басары Жамиля Исаева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук Жазуучулар союзунун 90 жылдык маарекесине карата уюштурулган салтанатка катышты.
Иш-чарада калемгерлерди маарекеси менен куттуктаган Төраганын орун басары Жамиля Исаева 1934-жылы Жазуучулар союзунун биринчи съезди чакырылганын эске салып: “Мына ошондон тарта бирикменин арышы кеңейип, Жазуучулар союзу жүздөгөн калемгерлердин улуу устаканасына айланган. Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Чыңгыз Айтматов, Омор Султанов, Бексултан Жакиев өңдүү залкар калемгерлер төрагалык кылган бирликтен далай мыкты чыгармалар эленип, окурмандардын колуна тийген”, – деди.
Ошондой эле 1990-жылдардан тарта башка чыгармачылык бирикмелердей эле Жазуучулар союзу да каралбай калганын белгилеген Төраганын орун басары: “Бирок, акыркы жылдары аталган тармакка астейдил мамиле жасалып, мамлекет Жазуучулар союзунун ишин илгерилетүү аракетин көрүүдө. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да акын-жазуучулардын ордосуна айланган бирликке татыктуу көңүл бурулуп, мыкты чыгармалардын жаралышына жардамчы болгон куттуу жайга айлантуу иши уланышы керек. Себеби, адабият өнүгүп, окурмандарды кызыктырган мыкты чыгармалар жазылмайын, бирдиктүү идеологияны калыптандырып, өлкөнү алдыга жылдыруу мүмкүн эмес”, – деп кошумчалады.
Муну менен катар залкарлардын жолун улаган жаратман жазуучулар чыгышы керектигин айткан Жамиля Исаева: “Ал үчүн Жазуучулар союзу калемгерлерди таптап чыгарган өнөркана катары өнүгүшү зарыл. 90 жылдык тарыхка ээ мекеме тарыхый жолун татыктуу улантып, аталган багытта алгылыктуу иштерди алып барат деген терең ишеничтемин”,– деп жыйынтыктады.
Андан тышкары, Төраганын орун басары алдыңкы калемгерлерге Жогорку Кеңештин атынан атайын сыйлыктарды ыйгарды.