Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурадил Сыдыков К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинин мугалимдери жана студенттери менен жолугушту 

Жолугушууда автотранспорт, жол маселелерине байланышкан учурдун актуалдуу маселелери талкууга алынды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинин мугалимдери жана студенттери менен жолугушту.


Жолугушууда автотранспорт, жол маселелерине байланышкан учурдун актуалдуу маселелери талкууга алынды.

Колледждин студенттерин замандын агымына жараша окутуу, автомобиль жана жол куруу жаатындагы алдыңкы технологияларды киргизүү, бул жагынан алдыга өнүгүп бараткан өлкөлөр менен тажырыйба алмашуу, өлкөдө жол түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардан кабардар болуу, жер-жерлердеги адистердин жетишсиздиги, окуусун бүткөндөрдүн көбү жакшы жашоо издеп кетип жатканы туурасында сөз болду.

Окуу жайдын студенттери жол тыгындарын азайтуу, автобекеттердин алыс болуп калганы, метро жана эстакадаларды куруу маселелерине кызыкты.

Комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков жол тыгындарын азайтуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясына тапшырмалар берилгени, бүгүнкү күндө бул багытта иштер жүрүп жатканы боюнча айтып берди. Алсак, шаардын ортосунан жарып өткөн темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, анын ордуна автострада куруу, метро куруу боюнча максаттар коюлуп жаткан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх