Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында мелдешет

Бишкек шаарында таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш 30-ноябрдан 1-декабрга чейин "Газпром" спорт комплексинде болот. Ага 24 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Аталган мелдеште жаштар, чоңдор жана ардагерлер күч сынышат. Ал эми Кыргызстандын атынан 45 спортчу өлкө намысын коргойт.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында мелдешет:
Жаштар арасында:
Балдар: 50, 60, 70, 80, +80 килограмм;
Кыздар: 50, 60, 70, +70 килограмм.
Чоңдор арасында:
Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 килограмм;
Кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 килограмм.
Ардагерлер арасында:
Эркектер: 65, 75, 85, +85 килограмм;
Аялдар: 65, +65 килограмм..

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх