Динара Ашимова И.Арабаев атындагы Кырыгыз мамлекеттик университетинде уюштурулган маарекелик иш-чараларга катышты
Андан соң Динара Ашимова алдыңкы агартуучуларга өзүнүн сыйлыктарын тапшырды
“Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери, депутат Динара Ашимова Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата уюштурулган маарекелик форумга катышты.
Иш-чара туризм, графикалык жана тармактык дизайн темасындагы мастер-класстардын көрсөтмөсү менен башталып, андан соң маарекелик форум менен уланды.
Салтанатта сөз сүйлөгөн фракция лидери Динара Ашимова окуу жайдын жамаатын жана иш-чаранын катышуучуларын маарекелери менен куттуктап, билим берүү тармагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орду өзгөчө экенине токтолду.
Муну менен катар келечекке керектүү кесип ээлерин дайындоодо инновациялык мүмкүнчүлүктөргө басым жасоо керектигин айткан эл өкүлү студенттерге заманбап билим берүү маселелерине байланышкан пикирлери менен бөлүштү.
Андан соң Динара Ашимова алдыңкы агартуучуларга өзүнүн сыйлыктарын тапшырды.