Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда жазында үч эмдүү болгон үй-бүлөгө батир жана 500 миң сом берди
Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз
Кече, 24-ноябрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.
Бул үй бүлө өздөрунун жеке турак жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган.
Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз.