Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы Ташкентте эки оюн өткөрөт
Даярдык башкы машыктыруучу Азамат Ногоевдин жетекчилиги астында жүрүүдө.
Кыргызстандын U-15 кыздар курамасы Өзбекстанга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалымдалгандай, оюндар 26-28-ноябрь күндөрү Ташкенттин «Чагатай» футболдук базасында орун алат. Беттеш 26-апрелден 4-майга чейин орун ала турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундунун алкагында өтөт.
Белгилей кетсек, аталган беттештерге даярдык көрүү максатында курама 18-ноябрдан баштап КФБнын футбол академиясынын базасында машыгууларын өткөрүүдө. Даярдык башкы машыктыруучу Азамат Ногоевдин жетекчилиги астында жүрүүдө.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз