Кыргызстандын пара дзюдо курамасы Астанада өткөн мелдеште 3 медаль жеңди
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты
Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын, экөө коло медаль.
(1 алтын, 2 коло) жеңишти.
Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз