Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын ондугуна кирди
Ал эми биринчи орунга Пакистандын Лахор шаары чыккан
Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган эң кир шаарлардын ондугуна кирди. Бул тууралуу маалыматты шаарлардын аба тазалыгын изилдегендер жазды
Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 24-ноябрь саат 21:00гө карата шаардын абасы жашоого коопту деп табылып, 9-орунга жайгашкан. Ал эми биринчи орунга Пакистандын Лахор шаары чыккан.
Аталган агенттик мындай кырдаалда сырттагы иш-чаралардын көлөмүн азайтууну, үйдө аба тазалагыч колдонууну жана үйдөгү бардык терезелерди жабуу керектигин, ошондой эле сыртта беткап кийүү сунушталарын эскерткен.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз