Айтматов көчөсүндөгү теректерди кыйып башташты
Бүгүн, 25-ноябрда 10-15ке жакын бак кыйылган
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде теректерди кыюу иштери башталды. Бүгүн, 25-ноябрда 10-15ке жакын бак кыйылган.
Эске салсак, Бишкек мэриясы 15-ноябрда журналисттер үчүн көчмө маалымат жыйынын уюштуруп, Чыңгыз Айтматов проспектисине алып барды. Алгач шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат берип, бир топ изилдөөлөр жүргөнүн, жол боюндагы теректер эскирип, коркунуч жаратканы үчүн кыйыла турганын айтты.
«Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген экен. Катуу шамалдан кулай турган болсо, шаар тургундарына кооптуу болот. Биз бактардын баарын жаңылап, жалбырактуу дарактарды тиксек шаардын климатына туура келет экен. Азыр Айтматов көчөсүндөгү эле 1400 бактын мөөнөтү бүткөн экен. Анын ичинен 200 бакты алганы жатабыз», — деген мэр.
Ошондой эле Жунушалиев Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтилбей турганын жана жаңы тигиле турчу дарактардын арасында веложол менен эс алуу жайы пайда боло турганын кошумчалады.