Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунда "Мал ууру" аттуу иш-чара жыйынтыкталды

2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча

Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулук фактыларынын жана мал менен байланышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында, ошондой эле «Кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузууларды болтурбоо боюнча 2-айлык иш-чарасынын» алкагында 22-ноябрдан 25-ноябрына чейин “Мал ууру” аттуу атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо, уурдалган малды жана эт азыктарын сатып алуу жана сатуу менен, ошондой эле малга мыйзамсыз маалымат кат (тактама) берүү менен алектенген мамлекеттик кызматкерлерди ашкерлөө. Андан сырткары, каттоосу жок мал союу жайларын, колбаса цехтерин жана эт азыктарын иштетип чыгуу жана сатуу жайларын мыйзамдаштыруу боюнча аракеттер көрүлдү.    

Ысык-Көл облусунун ар бир райондорунда атайын постор уюштурулуп, мал базарларына сатууга чыгарылган мал жандыктарынын тактама каттары текшерилди. ШРИИБдин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ветеринардык кызматкерлер менен биргеликте иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан тышкары, мал сойуу жана эт азыктарын сатуучу жайлар да текшерилди.   

2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча

Мал уурулук боюнча жалпы 18 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 17си ачылган. 1 факты боюнча тергөө жүрүп жатат (Тоң району).

Иш-чаралардын жүрүшүндө:

261 мал ташуучу автоунаа,

38 эт азыктарын саткан дүкөн,

19 мал сойуучу жай,

1 мал базары (Каракол шаарында) текшерилди.

Иш-чаралардын жыйынтыгында мал уурулук жана мал менен байланышкан жол кырсыктарын азайтуу боюнча бир катар иштер жасалды. Жергиликтүү бийлик, ШРИИБ жана ветеринардык кызматкерлердин биргеликтеги аракеттери аркылуу жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн маанилүү кадамдар ташталды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх