Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп РИИБдин кызматкерлери район аймагында мыйзамсыз балык уулоону алдын алуу боюнча рейддерди улантууда

Бул аракеттердин максаты — экологиялык бузулууларды алдын алуу, суунун байлыктарын сактап калуу

Түп РИИБдин кызматкерлери район аймагындагы бардык көлдун куймаларында рейддерди тынымсыз жүргүзүп, мыйзамсыз балык уулоочуларды аныктоого аракет кылышууда. Рейддердин натыйжасында, кытай синтетика торлору менен балык уулоочулар гана эмес, кайырмак менен кармоо жолу менен балык уулоону көздөгөн адамдар да кармалды.

Мыйзамсыз балык уулоочулардын көпчүлүгү уруксат берүүчү документтери бардыгын айтып, бирок алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтомунда белгиленген балык уулоо эрежелерине каршы аракет кылып жатканы аныкталды.

Аталган токтомдо Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун эрежелери белгиленген. Анын 3-чу бөлүмүнүн 10-пунктунда: «Бир балык уулоочуга же бир кайыкка бир эле мезгилде үчтөн көп эмес шайманды пайдаланууга уруксат берилет. Мында бир балык кармоочу кайырмакка же аспапка жалпы саны эки даана илгичтен көп эмес болушу керек» деп айтылган.

Ошондой эле, токтомдун 4-чу бөлүмүнүн 2-пунктунда: «Өзөн суулардын жана каналдардын куймаларынын алдында, сууга куйган жеринен баштап көлмөнүн түбүнө чейинки эки тарапка 100 метр аралыкта, ошондой эле өзөн суулар же канал боюнча өйдө 150 метр аралыкта, плотина, шлюз жана көпүрөлөрдүн алдында эки тарапка 150 метр аралыкта балык уулоого чектөө жана тыюу салынат» деп белгиленген.

Түп РИИБдин кызматкерлери тынымсыз рейддерди улантып, мыйзамсыз балык уулоочуларга карата мыйзам чегинде чара көрүүдө. Бул аракеттердин максаты — экологиялык бузулууларды алдын алуу, суунун байлыктарын сактап калуу жана жергиликтүү жарандардын мыйзамдуу балык уулоо укуктарын камсыздоо болуп саналат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх