Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурбек Садыгалиев мамлекеттик кызматкерлерге Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалын тапшырды  

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев билим берүү, айыл чарба, сот жана прокуратура тармагынын мыкты кызматкерлерине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.  


Сыйлык тапшыруу аземинде Нурбек Сыдыгалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп,  Кыргызстанга жаңы форматтагы маселелерди коюп, аларды чечүүдө жаңыча көз караштарды талап кылып жатканын белгилеп, мындай шартта чогуу аракет кылуу зарыл деди.

“Эл шайлаган депутаттар бүгүнкү реалдуулуктарга таянган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын контролдоого тийиш. Бирок мамлекетти өнүктүрүүдө бийлик бутактарынан тышкары, бардык тармакта эмгектенген сиздердей адистердин да салымы зор. Араңарда өз ишинде гана ийгилик жаратпастан, коомдук иштерге да жигердүү аралашкан замандаштарыбыз отурат. “Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” – деп эл арасында айтылгандай, жалпыбыз мамлекетибиз үчүн кызмат кыла берсек, өлкөбүз гүлдөгөн мамлекетке айланары шексиз”, -деп белгиледи Нурбек Сыдыгалиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх