Транспорт министрлиги өлкөдө жолчулар аткарып жаткан бир катар иштерди санады
Өлкөдө жолчулар тарабынан бир катар иштер аткарылууда
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Нарын облусундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 6,5-9,5-чакырымдар аралыгында шагыл төшөө иштери жүрүп жатат. Жумуштарды № 14 Жол тейлөө ишканасы аткарууда. Ал эми № 6 ЖТИсинин кызматкерлери капиталдык салымдар беренесинин эсебинен титулдук тизмеге киргизилген Талас облусундагы Кировка-ст. Маймак жолундагы эски асфальт катмарын сыйрып алуу иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Талас-Калинин-Бакай-Ата унаа жолунда (19-чакырымы) жана Тараз-Талас-Суусамыр жолунда (82-чакырымы) орнотулган жарнамалык такталарды, жолго чыккан курулуштарды бузуп, түрттүрүү иштери жүрүүдө. Ушундай эле жумуштар Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо аткарылып, мыйзамсыз объектилер атайын техниканын жардамы менен алынууда.
Бул иштерге улай эле мекеме кар тазалоо, инерттик материалдарды себүү жумуштары да жасалып жатканын, учурда ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок экендигин айтты.