Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Келе жаткан ишемби айрым мамкызматкерлер үчүн иш күнү болот

Ошондой эле Улуттук банкына жана коммерциялык банктарга 30-ноябрды иш күнү деп жарыялоо сунушталды

Айрым мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 30-ноябрь иш күнү деп белгиленген. Бул тууралуу Токтом порталында маалымдалды.

Алдыдагы ишемби, 30-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Борбордук казынанын кызматкерлери иштешет. Аларга Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөнөт.

Маалым болгондой, мындай чечим мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Улуттук банкына жана коммерциялык банктарга 30-ноябрды иш күнү деп жарыялоо сунушталды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх