Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районуна иш сапары менен барды

Айыл тургундары жаңы мекеме куруп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районуна иш сапары менен барып, аймактагы социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр менен жеринде таанышты.

Төраганын орун басарын тиешелүү мамлекеттик жетекчилер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Алгач Нурланбек Азыгалиев табияты катаал Суусамыр айыл аймагына барып, өрөөндө салынып жаткан социалдык мекемелерден кабар алды. Тагыраагы, аталган аймакта азыркы тапта маданият үйүнүн жана спорт залдардын курулушу жүрүүдө. Бирок курулуш иштери узак убакыттан бери аягына чыкпай келет. Ага ылайык Төраганын орун басары тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин ыкчамдатып бүткөрүү талабын койду.

Муну менен катар жергиликтүү эл менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин укту.
Иш сапар андан ары Сосновка айылында уланып, Нурланбек Азыгалиев үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын абалы менен таанышты. Алсак, аталган медициналык мекеменин имараты эскирип, жараксыз абалга келген. Андыктан, айыл тургундары жаңы мекеме куруп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Мындан тышкары, Төраганын орун басары Кара-Балта шаарындагы кургак учукка каршы дарылоо жүргүзгөн медициналык жайдан да кабар алып, андагы жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин көрдү. Жолугушуу маалында Кара-Балта шаарына көп тармактуу оорукана куруу маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле аталган шаарда жайгашкан №7 орто мектепке да барган Нурланбек Азыгалиев билим берүү жайынын имаратын жаңылоо боюнча да маселелерди талкуулады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх