Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ИИО өкүлдөрү Ташкентте кесиптештери менен тажрыйба алмашууда

 Бул тууралуу Өзбекстан ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов жетекчилигиндеги делегация Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өзбекстан ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары Бекмурод Абдуллаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жолугушуу болду.

Делегация Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ишмердүүлүгү, заманбап технологиялары менен таанышып, өз ара пикир алмашты.

Ошондой эле коноктор Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына барышып, киберкоопсуздук борборун, Маалымат жана мультимедиа борборун, Бирдиктүү оперативдүү башкаруу борборун жана Тарых музейин көрүштү.

Сапар Өзбекстандын ички иштер системасынын иши, коопсуздук тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишкендиктер менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк берди жана бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх