Ысык-Көлдүн Бостери айылында өрттөн эки баланы куткарган милициянын майору Бакытбек Максутов “Эрдик” медалы менен сыйланды
Эрдик жана ыкчамдык көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды
Бүгүн, 27-ноябрь 2024-жыл, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов Ысык-Көл РИИБге караштуу Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү, милициянын майору Бакытбек Максутовду Кыргыз Республикасынын ИИМ министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан “Каармандык” ведомстволук медалы менен сыйлады.
Бул сыйлык милициянын майоруна 17-ноябрь күнү болгон кырсыктан эки жашы жете элек баланы өрттөн куткарып, эрдик жана ыкчамдык көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.
Эске салсак, Окуя 17-ноябрь күнү, болжол менен саат 11:30 чамасында, Бостери айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирден чыккан өрт жалынга айланып, коңшу жашоочуларды дүрбөлөңгө салган. Милициянын майору Бакытбек Максутов, тажрыйбалуу офицер катары, кырдаалды тез баалап, эч ойлонбостон жардам сураган балдардын үнүнө карай чуркаган.
Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ал кара түтүн жана жалын каптаган батирден төрт жана тогуз жаштагы эки баланы чыгарып, аларды коопсуз жайга алып чыккан. Тез арада өрт өчүрүү кызматын чакырып, кырсыктын мындан ары жайылышына бөгөт коюлган.
Куткарылган балдардын ата-энелери милициянын майорунун бул аракетине ыраазычылыгын билдирип, анын баатырдык жана жан аябастык сапаттарын баса белгилешкен.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов, сыйлык тапшыруу аземинде, мындай эрдиктер милиция кызматкерлеринин коомдогу орду жана жоопкерчилиги канчалык маанилүү экенин көрсөтөрүн баса белгиледи.