Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен
Ош облусунун аймагында бүгүн саат 14:56да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Сары-Таш айылынан түндүк-чыгышка карай 23 чакырым, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 105 чакырым аралыкта жайгашып, анын күчү Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз