Ак-Суу РИИБи жол коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте улантууда
Жолдордогу коопсуздукту камсыздоо – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз
Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери «Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу» эки айлыгынын алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды тынымсыз өткөрүп жатышат.
Райондун негизги көйгөйлөрүнүн бири — жолдордун боюнда кароосуз жүргөн малдын айынан жол-транспорт кырсыктарынын катталышы. Милиция кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын күчөтүшүп, рейд учурунда кароосуз калган малдар кармоочу жайларга киргизилип, алардын ээлерине мыйзам чегинде административдик айып пул салынууда.
Мындан тышкары, тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, малды кароосуз калтыруунун кесепеттери жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилүүдө. Бул иш-чаралар айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган.
Ак-Суу РИИБи жарандарды мал багууда жоопкерчиликтүү болууга жана мыйзамдарды так сактоого чакырат. Жолдордогу коопсуздукту камсыздоо – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.