Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футбол боюнча Азия Кубогу Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт

Кыргыз футбол биримдиги 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия Кубогун кабыл алууну пландоодо. Тиешелүү арыз 4-декабрга чейин Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлөрүн футбол биримдиги кабарлады.

АФКнын акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам, мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – 2026, 2027 жана 2028-жылдары өспүрүмдөр арасындагы жана кыздар арасындагы Азия Кубогун өткөрүүгө тийиш.

"Учурда Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы футбол объектилери мындай деңгээлдеги континенталдык турнирлерди ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз футбол биримдиги эл аралык турнирлерди уюштурууну жакшыртуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет", - деп билдиришти КФБдан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх