ӨКМ аба ырайына байланыштуу өлкө аймагында таш кулоо болушу мүмкүн экенин эскертти
Андыктан ӨКМ айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат
Өлкөдө аба ырайынын бузулушуна ылайык табигый кырсыктар катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрь жана 1-2-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.
Айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында.
Мындан сырткары унаа жолдорунун участкаларында:
Бишкек – Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658-чакырымдарында;
Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138-чакырымдарында;
Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24- чакырымдарында;
Бишкек – Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125-чакырымдарында;
Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133-чакырымдарында;
Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымдарында;
Балыкчы – Ананьево - Каракол унаа жолунун 174-чакырымында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн.
Андыктан ӨКМ айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.