Кыргызстанда жаш даректүү тасма режиссёрлору үчүн интенсив аяктады
Жаш даректүү тасма авторлору үчүн уюштурулган алты күндүк өндүрүштүк интенсив 2025-жылдын 7-12-август күндөрү ololoAkJol резортунда болуп өттү.
Бул программа Президенттин Кыргызстандын улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү боюнча 2022-жылдын 20-майындагы №159 жарлыгындагы/ 2-3-беренелериндеги тапшырмаларын аткаруу максатында, «Кыргызфильм» улуттук киностудисынын каржылык колдоосу менен Бишкек даректүү тасмачылар лабораториясы тарабынан ишке ашырылды.
Алгачкы интенсивге конкурстук тандоонун негизинде тогуз жаш документалист катышты. Комиссия лабораториянын эл аралык устаттарынан, «Кыргызфильм» киностудиясынын жана лабораториянын командасынан куралган. Тажрыйбалуу чет өлкөлүк устаттардын жетекчилиги астында катышуучулар өз долбоорлорун иштеп чыгып, аларды эл аралык аянтка чыгарууга даярдашты.
Программанын максаты режиссерлорго теориялык билим жана, атаандаштыкка жөндөмдүү тасмаларды жаратуу үчүн практикалык көндүмдөрдү да үйрөтүү болуп саналат..
Программанын эл аралык устаттары:
- Марианна Каат (Эстония) — 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар, көп сыйлыктарга ээ болгон режиссёр жана продюсер. Baltic Film Production компаниясынын негиздөөчүсү, Таллинн университетинин доценти жана Doc@PÖFF программасынын куратору. “Life of Ivanna”, “Close Relations”, “Pit No 8” сыяктуу тасмалары дүйнөлүк фестивалдарда сыйлыктарга татыган. Charles E. Guggenheim Emerging Artist Award жана European Trailblazer (MIPDOC Cannes) наамдарынын ээси.
- Катерина Суворова (Казакстан) — Борбор Азиядагы экологиялык жана маданий өзгөрүүлөрдү изилдеген социалдык маанилүү тасмалардын автору. “Sea Tomorrow” (Арал деңизи жөнүндө) Netflix Europe платформасында көрсөтүлгөн, “Face The Music” Казакстанда кеңири прокатка чыккан. “Qoryqpa: Streets Loud With Echoes” фильми 2024-жылы Hot Docs фестивалында көрсөтүлгөн. Tihiy Svet ательесинин негиздөөчүсү жана QAZDOC биргелешүү уюмунун тең-куруучусу.
- Аскольд Куров — даректүү тасма режиссеру жана продюсери, Un/Filmed онлайн-кино мектебинде окутуучу, Америкалык телеберүү академиясынын мүчөсү, Берлинале жана Сандэнс сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу кинофестивалдарына катышкат долбоорлорду жетектеген. Анын тажрыйбасы даректүү тасма тартуунун бардык аспектилерин камтыйт: изилдөөдөн жана алдын ала даярдыктан тартып, пост-продакшнга жана дистрибуцияга чейин.
Bishkek Documentary Lab жаш авторлорго эл аралык стандарттарды үйрөтүп, киноиндустриядагы кесипкөйлөр менен байланыш түзүүгө жардам берет. Кийинки этабында а катышуучулар алты айлык устаттык программага өтүшөт. Алар ай сайын кеңеш алып, долбоорлорун тизер менен коштолгон инвестициялык пакетке чейин жеткиришет.
«Биз Кыргызстанда дүйнө менен бир тилде сүйлөөгө даяр жаңы муундагы даректүү тасма авторлорунун пайда болуп жатканын көрүп турабыз. Бул интенсив — жөн гана тартуу жана монтаж жөнүндө эмес, бул өзүнө ишенүү, байланыштар жана эл аралык аренада өзүңдү таанытуу мүмкүнчүлүгү тууралуу», — деди Bishkek Documentary Lab’дын жетекчиси Адилет Каржоев.
Проект “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын каржылык колдоосу жана Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) өнөктөштүгү менен ишке ашууда.
Фото www