Кыргыз-түрк «Манас» университетитин ректору Жейлан: Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салып кошкон ЖОЖдордун бирибиз
Ректор окуу жайда кыргыз тили жана адабияты бөлүмү ачылганын кабарлады
Кыргыз түрк «Манас» университетитин (КТМУ) ректору Алпаслан Жейлан, КТМУ 30 жыл бою кыргыз тилинин өнүгүшүнө салып кошкон университтердин бири экенин маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында университетте акыркы 5 жылда бир катар жаңы факультет ачылып жалпы саны 12ге жеткен.
«Пандемия ден соолук бардыгынан манилүү экенин көрсөттү. Буга байланыштуу аракеттердин натыйжасында быйыл унирвеситетибизде медицина факультетин ачып отурабыз. Албетте факультеттердин саны менен мактанууну каалабайбыз. Сапаттуу билим берүүнү көздөйбүз. Ошондуктан студенттердин санын көбөйтүүнү да каалабайбыз. Учурда 6500гө жакын студент билим алат. Кааласак 15 миң студентке билим берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жогоруда белгилегендей максатыбыз сапаттуу билим берүү болуп саналат,» - деди Жейлан.
Ректор ошондой эле КТМУнун 30 жыл бою кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуп келатканын белгиледи.
«Чындыгында 30 жыл бою кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон университеттердин бирибиз. Эми муну дагы бир кадам алдыга жылдыруу кажет. Урматтуу Президент Садыр Жапаров мекемелерде расмий жазышууларда кыргыз тилин колдонуу буйругун берген. Бул жаатта «Манас» универстити да тиешелүү жумушун аткарышы керек. Быйыл кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн ачып билим бере баштадык», деди ал.
Жейландын айтымында «Манас» университети дүйнөнүн алдыңкы 1000 университетинин катарыны кирүү ийгилигине жетишкен.
«Кыргызстандагы башка ЖОЖдордун дагы мындай ийгиликке жетүүсүн каалайбыз жана алар менен эки тараптуу кызматташтыкка ачыкпыз», деди ректор.