«Манас» университетинин 30 жылдык мааракесинде «Университеттен да артык» концепция тааныштырылды
2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында ММК өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууда, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин өнүгүү стратегиясы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат берди.
Ректор Жейлан: «Манас университети — Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алтын көпүрө»
Профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университети Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы күчтүү бир туугандык мамилени бекемдеген маданий жана академиялык көпүрө экенин баса белгилеп: «Манас университети эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык сезимдердин өнүгүшүнө салым кошкон алтын көпүрө болуп саналат. Чыңгыз Айтматов: ‘Ким ойлоптур бул талаада университет ачылып, бул жерде билим алган жаштар түрк дүйнөсүнө кызмат кылат деп?’ деген эле. Эми Айтматов тынч укса болот; анткени Кыргызстандагы «Манас» университети бүгүн дүйнөнүн алдыңкы 1000 университетинин катарына кирген ийгиликтүү жогорку окуу жайына айланды жана түрк дүйнөсүнө билимдүү жаштарды тарбиялап келет», - деп айтты.
Жолугушууда профессор Жейлан «Манас» университетинин «Университеттен да артык» деген концепция менен алдыга умтулуп, университетте билим берүү гана эмес, коомдо, иш жүзүндө жана дүйнөдө из калтырган адистерди даярдап жатканын баса белгиледи. Түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир чатырдын астында бириктирген «Манас» университети студенттерин билимге бай, маданиятка сугарылган, өз тамырына бекем жана дүйнөлүк баалуулуктарга ачык инсандар катары тарбиялап жатканын айткан профессор Жейлан, бул жаштар келечектеги окумуштуулар, лидерлер, өнөр ээлери жана ишкерлер болууга даярданып жатканын билдирди.
«Акысыз билим жана стипендия мүмкүнчүлүгү»
Университеттин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири билимдин акысыз берилиши жана студенттердин жетишкен ийгиликтерине жараша стипендиялар менен колдоого алынышы болуп саналат. Заманбап спорт залдары, студенттик жатаканалар жана ар кандай социалдык аянтчалар менен студенттердин бир гана академиялык эмес, маданий жана социалдык өнүгүшү да колдоого алынууда.

«Кыргыз жана түрк тилдеринин өнүгүшүнө чоң салым»
Кыргыз тилин окутуунун эң маанилүү борборлорунун бири «Манас» университети. Жыл сайын даярдык курсунда болжол менен 1000 студентке кыргыз жана түрк тилдери окутулат. Ошондой эле университет тарабынан даярдалган 50 000 сөздү камтыган сөздүк 70 000ге чейин көбөйтүлүп, 2026-жыл 100 000 сөз камтыган кеңири сөздүк даярдалууда.
«Акылaй» долбоору алкагында үч жарым миллион көлөмүндөгү кеңири санарип билим берүү платформасы иштелип жатаи. Максаты — Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ийгиликтерин жогорулатуу жана өлкөнү келечекке күчтүү даярдоо.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз тили бардык мектептерде, расмий мекемелерде окутулушу жана расмий иш кагаздарында колдонулууга тийиш деген көрсөтмөсүнө карата «Манас» университетинде Кыргыз тили жана адабияты программасы расмий түрдө ачылып, бул маанилүү милдет ийгиликтүү аткарылып жатат.
Кыргыз тилин өнүктүрүү багытындагы иштердин алкагында «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 200гө жакын кыргызча окуу китеби даярдалган. Ошондой эле Түркиянын Ван областындагы Улупамир айылында жашаган кыргыздарга жана кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендерге онлайн тил курстары уюштурулуп, КТМУSEM тарабынан жыл бою кыргыз тили боюнча билим берүү программалары уюштурулууда.
«Пандемия учурунда 1000 саат онлайн сабак тартылып , студенттерге 60 ГБ акысыз интернет берилген»
Пандемия учурунда Кыргызстандын билим берүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн чоң жоопкерчилик алынган. Билим берүүдөгү үзгүлтүктөрдү алдын алуу максатында КТМУда 1000 саат онлайн сабак тартылып, даярдалган. Бул аркылуу студенттер окуу жайга барбастан билим алууну уланта алышкан жана сабактарга үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн студенттерге 60 ГБ акысыз интернет берилген.
Пандемия учурунда медицина тармагынын маанисин дагы бир жолу көрсөткөнүн ушунан улам Кыргызстандын медицина кызматтарына салым кошуу максатында «Манас» университетинде Медицина факультети ачылган.
Ошондой эле университетте 24 саат үзгүлтүксүз иштеген Шейит Эрен Бүлбүл Медицина борбору студенттерге, окутуучуларга, кызматкерлерге жана аймактагыларга кеңири жана толук медициналык кызмат көрсөтүүдө.

«КТМУнун студенттери — Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн маданий элчилери»
Студенттер Түркия баштаган бир катар өлкөлөрдө «Манас» университетин, Кыргызстандын маданиятын жана аймактын баалуулуктарын таанытып, Түркиядан келген студенттер өз маданияты менен бөлүшүп, бир туугандык мамилелерди дагы да күчөтүп жатат. Бул жагы менен студенттер эки өлкөнүн маданий элчилерине айланып, университет кыргыз тилин коргоп, өнүктүрүп, үйрөнгүсү келгендерге колдоо көрсөтүүнү милдет катары кабыл алынууда.
Жолугушуу алкагында сөз сүйлөгөн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университеттин 30 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана натыйжалары кеңири бааланганын белгилеп: «Биз бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азия жана дүйнөлүк аренада да билим берүү жаатында активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Убакыттын талабтары бат өзгөрүүдө, ал эми заманга ылайык иш алып барган ар бир мекеме өз иш жүргүзүүсүн кайра карап чыгып, кайрадан баалап турушу керек», — деди.
«Манас» университети Кыргызстанда акысыз жана сапат стандарттарына ылайык билим берген жалгыз жогорку окуу жайы, университет дүйнөлүк университеттер рейтингинде алдыңкы 1000дин катарында, Азия университеттери арасында 230-орунда, Борбор Азияда болсо 12-орунда турат.