Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ири иш-чара өттү
Маданий иш-чарага шаардын бардык райондорунан келген 5000ге жакын аял катышты
Борбор калаада 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү.
Салтанаттуу концерт «Жаштык» аренасынын имаратында уюштурулуп, ага шаардын бардык райондорунан келген 5000ге жакын аял катышты.
Иш-чарага Биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ардактуу коноктор, ошондой эле борбор калаанын коомдук турмушунун ар кыл тармактарында эмгектенген айымдар катышты.
Мэр Айбек Джунушалиев куттуктоо сөзүндө, бардык аялзатын 8-Март майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлөрүнө ынтымак жана ийгиликтерди каалады.
«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 1,5 миллиондон ашуун адам жашайт, алардын жарымынан көбү – аялдар. Бул сиздер биздин шаардын мүнөзүн, маанайын жана келечегин аныктоодо чоң роль ойнойсуздар дегенди билдирет. Бишкектин аялдары шаардык турмуштун бардык тармагында өздөрүн көрсөтүп келишет. Сиздер балдарды тарбиялап, билим берүүнү, илимди, маданиятты, спортту, ишкердикти жана коомдук турмушту өнүктүрүп жатасыздар. Сиздер баалуулуктарды калыптандырып, билимди муундан муунга өткөрүп, үй-бүлөлөрдү бекемдеп, ишеним менен камкордуктун атмосферасын түзөсүздөр», – деп белгиледи шаар мэри.
Ошондой эле калаа башчысы «Бишкек жашыл курулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкер айымдарынын эмгегин өзгөчө белгилеп, борбор калааны көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Майрамдык программада классикалык чыгармалар, заманбап композициялар, белгилүү аткаруучулар жана чыгармачыл жамааттар катышкан концерт тартууланды.