Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Ноокаттагы 21 жаштагы Айжанылдын өлүмү боюнча Башкы прокурорго кайрылышты

Алар жаш келиндин өлүмү боюнча ишти ачык, калыс жана көз карандысыз иликтөөнү талап кылышууда

Ош облусундагы бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү Ноокат районунун 21 жаштагы тургуну Айжанылдын өлүмү боюнча Башкы прокурорго, Ички иштер министрине, Ош облусунун ИИБдин башчысына жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдошту.

Алар кайрылууда Айжанылдын өлүмү боюнча ишти ар тараптуу, ачык, калыс жана көз карандысыз иликтөөнү, ошондой эле аялдарга карата системалуу зордук-зомбулукту токтотууну талап кылышты.

Алардын айтуусунда жаш келин Айжанылдын жансыз денеси табылып, күйөөсүнүн туугандары аны «өзүн асып алган» деген версияны таратышкан.

Киши өлтүрүүгө шектелип жаткан маркумдун күйөөсү бүгүнкү күнгө чейин эркиндикте жүрөт жана ага карата камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган эмес.

«Бирок бизге белгилүү болгон жагдайлар бул версиянын негиздүүлүгүнө олуттуу шек жаратат. Анткени Айжаныл өлүмүнөн бир күн мурда жардам сурап кайрылган. Ал апасына телефон чалып, СМС билдирүүлөрдү жазып, күйөөсү аны сабап жатканын ачык айткан жана аны бул үй-бүлөлүк тозоктон алып кетүүнү суранган. Бул өз эрки менен өмүрүн кыюуну чечкен адамдын сөзү эмес. Бул куткарууну суранган курмандыктын акыркы үнү», - деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, Ош облустук ички иштер башкармалагы, 20 февралда Ноокат районунун Көк Бек айыл аймагында 2005 жылы туулган А.А. өзүнүн үйүндөгү мал сарайына асынып алып каза болгонун маалымдаган.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх