Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде ачык асман алдында ооз ачуу программасы болуп өттү
Университеттин кампусунда уюштурулган иш-чарада 8 миңден ашуун адам ачык асман алдында ооз ачышты
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда беш жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу ачык асман алдында ооз ачуу программасында болжол менен сегиз миң адам бир дасторкондо чогулду.
Иш-чарага министрлер, элчилер, мамлекеттик жетекчилер, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Көчө бою коюлган дасторкондордун айланасындагы бактар жана ректорлук имаратынын алды Рамазан айына мүнөздүү чырактар менен кооздолуп, кампус майрамдык маанайга бөлөндү.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев конокторду тосуп алып, андан соң алар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исматова жана Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен бирге катышуучулардын табактарына өз колдору менен тамак салып беришти.
Чыңгыз Айтматов кампусунда Рамазандын берекеси
Иш-чаранын алкагында кампуста түрдүү маданий программалар уюштурулуп, сый-тамактар даярдалды.
Иш-чара өткөн жер Түркия жана Кыргызстандын желектери менен кооздолду. Кампус аймагында уюштурулган 12 тамак таратуу пунктунда 8 миң адамга ооз ачар тамагы берилди.
Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчилигине караштуу дин кызматкери Шакир Байыр азан окугандан кийин миңдеген адамдар бир убакта ооз ачышты.
Иш-чарада студенттер жана конокторго Рамазан айынын салтын уланткан "тиш акы" белектери таратылды. Катышуучуларга ар түрдүү сый тамактар менен катар түрк ашканасынын салттуу даамдарынын бири болгон "Османлы мажуну" да сунушталды.