Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Рымбаеванын концерти Бишкекте Маданият министрлигинин макулдугусуз өттү

Казакстандын артисткасына кийинки концерт койгондо эгер оркестрдин коштоосунда ырдай турган болсо, министерствого кайрылуусун өтүнүштү

Казакстандын эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Роза Рымбаева 3-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болгон концертинде сценага оркестрдин коштоосунда чыгууну каалаарын билдирген.

"Бишкекте да оркестр менен ырдайын дедим эле, ошондуктан Маданият министрлигине кайрылгым келет. Анткени Бишкек деген борбор шаар, анын өзүнүн оркестри болушу керек", - деди ал.
 
Ушул себептен Маданият, маалымат жана туризм министри Кыргызстанда бир нече оркестрлер бар экендигин маалымдайт: опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, "Манас«» президенттик камералык оркестри жана  Мамлекеттик филармониялык камералык оркестр.

Ошондуктан Роза Рымбаева кийинки жолу Кыргызстанда концерт бергенде Кыргыз Республикасынын ММТМ не кайрылышы керек.

Биз бардык иш чараларды уюштуруп берүүгө даярбыз.

Роза Рымбаеванын Бишкектеги сольдук концертин уюштуруучулар жеке адамдар болуп жана алар ММТМ нин уруксаты жок өткөрүшкөн.

ММТМ нин пресс-службасы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх