Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күч органдары «Өлбөс полк» акциясынын катышуучуларынын баарын текшерет

Бишкекте Жеңиш күнүн майрамдоого карата машыгуу болду

Бүгүн Бишкекте 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдык майрамына карата машыгуу болуп өттү.

Бул машыгууга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Бишкектин вице-мэри Айгуль Рыскулова, министерстволордун жана ведомстволордун жооптуу өкүлдөрү катышты.
 
Программага ылайык, негизги майрамдык иш чара ,  Түбөлүк отко гүл коюу жана Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлеринин маршы 9-майда Жеңиш аянтында болот. Ушул эле күнү Түндук магистралдан Байтик баатыр / Ахунбаева көчөлөрү аркылуу Жеңиш аянтына чейин баруучу "Өлбөс полк«» акциясынын катышуучулары түшкө чейин болот.
 
Машыгуунун жүрүшүндө жумушчу топ Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" акциясын даярдоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар менен таанышышты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу максатында "Өлбөс полк"акциясына катышуучуларды текшерүүдөн өткөрөт.

 Жогорудагыларды эске алып, коопсуздук үчүн көрүлгөн чарага түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.

Президенттин аппаратынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх