Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда гидрометеорология жаатындагы мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтөт

Жогорку Кеңештин профилдик комитети  тийешелүү мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин агрардык, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитети бүгүн Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик боюнча Кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун карап көрүп, үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечи депутаттар - Юсуров, Бакиров, Жолдошбаев. Мыйзам долбоору административдик жоопкерчиликти күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары юридикалык жана жеке жактар тарабынан, жоопкерчиликтүү кызмат адамдары тарабынан бузулбашы үчүн гидрометеорологиянын маселелеринин жыйындысы камтылып иштелип чыккан.

Жоопкерчиликти жогорулатуу жана  көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Кодексине керектүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Көрсөтүлгөн кодекс гидрометеорологиялык байкоолордун өндүрүшүндөгү талаптардын жана нормалардын бузулушундагы, айлана чөйрөнүн булганышындагы жеке жактардын жоопкерчилиги беш эсептик көрсөткүчкө чейин, ал эми юридикалык жактар үчүн  100 чейин, кызматтагы адамдар үчүн жыйырма эсептик көрсөткүч.

КР ЖК пресс-службасы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх