Жакшы саамалык ! Бишкек-Ош трассасындагы өткөөлгө жарык орнотушту
Келечекте бул стратегиялык маанидеги автожолдун бардык тилкелеринде ушундай жарык берүүлөр болот
Чүй областынын жол кызматы жана Сокулук районунун Ново Павловка айыл өкмөтү 8-май күнү Бишкек-Ош автожолундагы жөө адамдар өтүүчү өткөөлгө жарык берүүнү орнотушту. Бул ишти алар балдардын өткөөлдөн өтүү коопсуздугу үчүн кылышты.
Келечекте мындай жарык берүүлөр Бишкек - Ош трассасынын бардык жерлериндеги өткөөлдөргө орнотулмакчы.
Чүй областынын пресс-кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз