Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн уулангандардын кээ бири компенсация албай калганын "Ала-Тоо" рестораны түшүндүрдү

Жабыркоочулар эс алуу борборунан эч кандай жардам алышпай, өздөрүнүн каражаттарына дарыланышкандуктарын айтып даттанышат

"Ала-Тоо«» рестораны 30-мартта үйлөнүү тоюнда ууланып калгандарга убада кылган компенсацияны төлөгөн жок. Ушундай арыз менен Turmush маалымат агентствосуна Ысык-Көл областынын тургуну Асель Исаева кайрылган.

Анын сөзү боюнча дарылануунун бардык чыгымдарын күйөөсү экөө төлөшкөн.

- Чыгымдарды биз бирөөдөн карызга алып төлөдүк. Ресторандын башчысы болсо жоопкерчиликке тартылган жок. Алтургай кайра иштеп жатат, - дейт Асель Исаева.

Vesti.kg  сайты ресторандын жетекчилиги менен байланышканда, компенсацияны төлөө процесси  жүрүп аткандыгын жана төлөөдөн баш тартышпагандыгын айтышты.

- Тергөө жүрүп жатат, биздин ашпозчулардын күнөөсү далилдене элек. Бирок биз ошого карабастан төлөп жатабыз,- деп билдиришти.

- Азыркы учурда тергөө органдары тарабынан жабыр тарткандардын тизмеси түзүлүп жатат. Бизге кайрылгандардын бардык чыгымдарын төлөп беребиз, бизге аптекадан, ооруканадан чек алып келип бериши керек алар.

30-мартта "Ала-Тоо«» ресторанында массалык уулануу болуп, жабыркагандардын саны 200 гө жеткендигин эсиңиздерге салабыз.

Мурдараак белгилүү болгондой, уулануунун себеби болуп ишканадагы санитардык режим, " Курица по тайски«» деген тамактын сактоо жана даярдоо технологиясынын бузулушу саналган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх