Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1994-жылдагы паспорттун үлгүсү менен алмаштыруу уланат

Акыркы маалыматтар боюнча 40 миң жаран 2004 жана 2017 - жылдары чыккан паспорт менен камсыз болушканы белгилүү

2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Мам. каттоо кызматы 100 миң адамга 1994-жылкы паспорттун үлгүсүндөгү паспорт беришкен.
Кыргыз Республикасынын жарандарын жаңы үлгүдөгү паспорт менен  (ID-card, eID-card) камсыз кылыш үчүн Мам. каттоо кызмакерлери 60 чыккан жана андан өйдө жаштагыларга бекер паспорт берүү компаниясын өткөргөн.  Мам. каттоонун бардык паспорт бөлүмдөрүндө аймактарга чыгып паспортторду алмаштыруу уюштурулган.

2016-жылы МКК 58820 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштырышкан, 2017-жылы 29011 паспорт жана 2018-жылдын биринчи кварталына карата 3000 паспорт алмашкан.
Мыйзамсыз паспорт алмаштыруунун алдын алуу үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду  идентификациялык картага алмаштырышат.
Бүгүнкү күндө Мам.каттоо кызматы 1994-жылдагы паспортторду алмаштырууну улантып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча 64 миң жарандын ичинен 40 миңи 2004-2017 жылкы паспортторду алышкан.

МКК маалымат кызматы
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх