Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маңкурттар же «жаңы муундун адамдары»: ким 9-майды сындаган ?

Эксперттер Улуу Жеңишти кыргызстандыктар качан унутушаарын айтышты

Кыргызстан фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдады. Бишкекте 45 миң  адам "Өлбөс полк" жүрүшүн жасады. Ал гана эмес өлкөнүн бардык булуң бурчунда иш чаралар өттү.

Анткени менен 1945-жылк ыжеишке баары эле кубана беришпеди. Куттуктоолордун арасында «бир жамандык экинчисин жеңген» деген сыяктуу сөздөр да айтылып жатты. Кимдир бирөө  анын чоң атасы НКВДдан корккондугу үчүн гана согушка киргендигин айтса, кээ бирлери оккупацияга каршы чыкпашыбыз керек эле, азыр бавариялык пиво ичмекпиз дешет.

"Өлбөс полк" - сын үчүн негизги бута болду. Акцияга катышпаган элдер бул акылга сыйбаган «өлгөндөрдүн портретин менен чыккан цирк»,- дешти

- Андан ары алар бул фейк портреттерди көтөргөн массовка деп атады.

Мындай көз караштар  жаңы өсүп келе жаткан муундардын аң сезимине коркунуч келтирет. Кимдир бирөөлөр кыргыз коомчулугунда Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу көз карашты өзгөрткүсү келип жаткан жокпу ?

Өлбөстүк деген эмне ?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов бул Жеңиш күнүн майрамдоонун кажети жок деп эсептегендердин бири. Vesti.kg сайтына берген маегинде фашисттик Германия менен советтер Союзу бирдей күнөөлүү деген.

- 1939-жылы Финляндияны ким басып алды эле ? 1940-жылы Прибалтиканы ким басып алган ?Бандеровчулар коргогон Батыш Украинаны ким басып алган ? Польшанын түштүгүн ? СССР тез басып алып жаткандыгын көргөн Гитлер да карап турган жок,- деп ой жүгүртөт Өмүрбек Абдрахманов.

«Өлбөс полк» акциясын ал туура эмес деп эсептейт.

- Ушул өлбөстүкпү ? - дейт Абдрахманов. - Мамлекеттик идеология принципте болбош керек.

Аны элдер өздөрү жаратыш керек. Ошондо гана коом таза болот жана коррупционерлер болбойт.

Мурунку эл өкүлү бийликти реформалап, демократиялык коом куруп жана технологияны өнүктүрүү керек экендигин айтат.

- Биз дайыма немистердин машинасын айдайбыз да, аларды жамандайбыз. Европа деле фашизмге каршы согушкан, бирок жеңиштин артынан анчалык эле чуркашкан жок го.

Мына сага !

Аскердик эксперт Токтогул Какчекеев бул өңдүү ойлорго таң калбайт. - Советтер Союзу ал согушта жеңишке жетишкени менен маалыматтык согушта утулуп калды, - дейт ал. Политолог Vesti.kg сайтына берген маегинде , Батыш "кансыз согуш"  маалындагы таркатчу  дүйнө тааным азыркы биздин жаштар үчүн чындык болуп калды.

- Бул иште аларга АКШ каржылаган саясий либералдык күчтөр, диссиденттер, чет элдин мамлекеттик эмес уюмдары, ММКлар жардам беришет,- дейт ал.

Какчекеев заманбап саяатчылар Карл Маркстын эмгектерин окушпайт жана капитализмдин кантип иштеши тууралуу окуу менен тааныш эмес, - дейт.
 
Анткени менен бизде азыр медиа-масса жана лайктар бар, - деп күлөт политолог. - Ошол жактан жаңы муун кайнап чыгат.
Аскердик эксперт мурунку СССРдин өлкөлөрүн советтик  доорду чанбоого чакырат.
 
- Бирок муну менен күрөшө турган эч ким жок, - дейт Какчекеев.- Ата-Мекен социалисттик  партиясы, СДПК. Булар социализм үчүн эмне жасашты ? Булардыкы жөн эле дивидент алуу үчун болгон жан талашуу.

Жан дүйнө чабуулу

Токтогул Какчекеев да, чек ара маселеси боюнча эксперт Куьанычбек Сарыбаев да  бир ооздон Кыргызстандын советтик дооруна карщы пропаганда - бул дин дешти.

- Дин - бул анчейин деле жаман нерсе эмес дейт ал Vesti.kg сайтына. Классикалык вриантта ар кандай дин адамды жакшыртат. Бирок исламда ондогон агымдар бар жана анын баары Кыргызстанга келген. Алардын арасында радикалдары да бар. 1910-жылы Нарындын ар бир айылында мечит болгон, азыр болсо андан да көп жана алар жөн гана мечиттер эмес. Акыл эс үчүн башталгыч класстарда күрөшпөсө кийин кеч болуп калат, эгерде мамлекет бул ишке киришпесе, башка бирөөлөр өз идеяларын толтуруп коёт.

- Азыр мамлекетибиз бул демилгени колдон чыгарып баратат, - деп белгилейт эксперт. - Иштеп чыгып , таркатыш керек. Анткени биздин эл азыр аркы жээк менен берки жээкке ойноп атышат. Ким билет келечекте кайда алып бараарын ?.

Элдин эсинен чыкпайт

Политолог Денис Бердаковдун ою боюнча корко турган эч нерсе жок, соцсеттеги сөздөр бул жөн гана иллюзия.

-"Өлбөс полкто«» 45 миң адам болду,-дейт ал Vesti.kg сайтына. - Мен көргөндөрдүн баары тең эле чын көнүлдөрү менен чыгышты, эч кандай жасалма портрет дегендер болгон жок. Сүрөт көтөргөн адамдардын кээде ошол сүрөткө куюп койгондой окшошторун көрдүм.

Андан да соцсеттеги жашоодон чыныгы жашоо кескин айырмаланат эмеспи.

- Бизде салттуу коом, -дейт Бердаков. - Ветерандарга болгон мамиле - бул өздөрүнүн чоң аталарына болгон мамиледей. Чоң атадан эч ким танган эмес. Согуш болсо көп жылдар мурун болгон, анын үстүнө Кыргызстанда болгон эмес - бул Белорусиядв жана Россияда болгон. Ал кездеги аңдар,окоптор азыр да сакталуу. Биздин жаштар урматтоо менен мамиле кылышат ага, жакшы эле.

Бул табигый көрүнүш.

"Фейк«» портреттер тууралуу оюн да айта кетти. Эксперттин ою боюнча аскердик ишканаларда жана окуу жайларда бирдей кылып сүрөттөрдү чыгарып коюшу мүмкүн.

Бирок мындай сүрөттөр билинип калат.

-  Ошондой эле ал сүрөттөр панфиловчулардын сүрөттөрү болушу мүмкүн, аларды аскердик окуу жайдын курсанттарына таркатып беришет. - Бирок аларды мен "фейк" деп эсептебейм.

Улуттук эс тутум маселеси

Политолог Эдил Осмонбетов улуу Жеңиш тууралуу туура эмес нерселердин айтылышын факт деп эсептейт.

- Биздин аталардын жашоосун маңызсыз кылуу жарабайт, дейт ал. - Бул улуу жеңиш болгон. "Өлбс полк«» акциясы бизге керек. Албетте бүгүнкү балдар башка дүйнөдө жашап жатышат. Бирок аларга тарых сабагында Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу маалыматтарды керектүү түрдө беришибиз керек. Андан ары экспер өзүнүн чоң аталары Сталинграддын алдында кантип согушкандыгын айтат, алардын бири Украинанын аймагында өлгөн. Экинчиси кайтып келип 9-майдагы куттуктоолорду кабыл алган.

"Эгерде мен муну унутсам, Көкө Теңир урсун !"

Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхын изилдөө кафедрасынын башчысы профессор Айнура Арзыматова Советтер Союзунун фашизмдин үстүнөн болгон жеңишин жокко чыгарууга бүтүндөу өлкөлөр тартылып жатат дейт.

- Өзбекстанда 9-майды Жеңиш күнү деп эсептешпейт. Аны алар Экинчи дүйнөлүк согушту эскерүү күнү дешет, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Тарыхчынын ою боюнча, ушундай жол менен мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөр Батыштан жардам алып өз алдынчалыгын сактап калууга далалат кылышат.

Ошону менен бирге ал президент Сооронбай Жээнбековдун "Өлбөс полкко«» катышканынан Кыргызстандын суверенитети ылдыйлап кеткен жок дейт.

- Мен өзүм да катыштым бул акцияга,- дейт Арзыматова. Менин атам согушкан, Берлиндин алдында жарадар болгон. Ким бул жеңишке сөз тийгизсе ал маңкурт, аларда жүрөк жок.

Статистика
Франция фашисттерге 1 ай 12 күн туруштук берген, Польша 27 күн, Дания саат, Норвегия 2 ай.

Сталинграддагы атактуу Павловдун үйү 58 күн багынган эмес.

Жоготуулар: Франция 600 миң

Улуубритания 450 миң киши.

АКШ 418 миң

Греция 300 миң

Нидерланды 246 миң

СССР 27 миллион адамынан айрылган.

Ольга Федорчук
Фото www

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх