Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы- Жер айылында Жеңиш күнү: Жөн гана эскерүү эмес

Балдар тарыхты билишээрин  жана гранатаны кантип ыргытышты көрсөтүштү

2018-жыл 9-майдын таңында, Чүй областынын Жаңы-Жер айылында «Өлбөс полк» жүрүшү башталды. Ага 700 адам катышты.
Мектептен баштап согушта курман болгондордун эстеликтерине чейин жүрүш кылышты.

Ар кандай лозунгдарды көтөрүү менен бирге  «Чоң атама рахмат», «Ветерандарга даңк», жана «Ура» деп кыйкырып жатышты. Ал жерге жетишкен соң, бир мүнөттүк унчукпай туруп эскерүү болду.  

Концерттин башталышында  Жаңы-Жер айылынын башчысы Мирлан Жекшенов сөз алып сүйлодү.

Андан соң, мектептин директору, аскердик бөлүктүн командири жана "Славян маданиятынын борбору"  АК нун төрагасы, ошондой эле Жаш Россиялыктардын Кеңешинин

жетекчиси Иван Иванов сөз сүйлөдү.
Концертте Абдылас Малдыбаев атындагы Бишкектин опера жана балет театрынын артисттери Оксана Шутова жана Таир Бейшеев ырдашты. Концерт вальс бийлөө менен аяктады. Балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурулду. Жеңүүчүлөргө көркөм адабияттар, блокноттор жана топтор берилди.

Оюндун аягында асманга 73 шар учурулду. Майрамдын аягында Жеңиш Күнүнө арналган салюттар атылды.

Оюн зоокту уюштуруучулар «Славян маданият борбору», Жаш россиялыктар кеңеши, айыл өкмөтү жана Жаңы-Жер айылынын мектеби болушту.


Ольга Федорчук
Фото ОО «Славян маданияты борбору»

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх