Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөн түнү Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун куруучулары митингке чыгышты

Жолчулар кытайдын «Лонг Хай» компаниясы жарым жылдан, айрымдарына бир жылдан бери төлөбөй жаткан айлык акыларын талап кылышууда

       
Өткөн түнү Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун куруучулары кайрадан митингке чыгышты.

Маалыматтарда алар азыркыга чейин акыркы жарым жылдын айлыгын ала албай келишет.

«Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы 11-майда айлыкты толук беребиз деген. Бирок кийинчерээк бир  бөлүгүн эле беребиз деп башташты,-дейт жумушчулар.

Алардын айтымында нааразы болгондордун арасында бир  жылдан бери айлык ала электер бар.

Учурда жолдун курулушу токтоп турат. Бирок компания баардык иштерди 10-июнда бүтүрөбүз деп убада берген.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх