Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба Министрлиги тууралуу видеону көрүп, элдер аң таң калышты. "Коркунучтуу фильмдегидей"

Министрликте бузулганы калган имаратты эмнеге оңдобогондуктарын түшүндүрүштү

Айыл чарба Министрлигинин тамак аш өнөр жайы жана мелиорация имаратында тартылган видео Facebook  соц. тармагында талкууга алынып жатат. Камера бул имараттын коридорлорунун качантан бери ремонт болбогондугун тарткан.

Видеонун автору Чынара Керимбекова кокус бир жагдайлар менен бул жерге келип калгандыгын жана бул мекемени мындай акыбалда көрөөрүн күтпөгөндүгүн айткан.
"Шаардын ортосунда турган бул имараттын мындай акыбалы көпчүлүктү таң калтырды. Жолумдагы (5-этаж) ашкананы көрүп видеого тарпай коё албадым ! Бул имаратта ар кандай эл аралык уюмдар турганы менен коркунучтуу фильмдегидей экен"- деп ачууланат ал.

Vesti.kg сайты министрликтин өзунө комментарий үчүн кайрылганда, алар биз ремонт кылбашыбыз керек деп жооп беришти.

-Министрлик имаратты арендага гана алган, ремонт кылуу биздин милдетибиз эмес,- деп түшүндүруштү мекемедегилер.    

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх