Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик эмес уюмдарды миграциялык маселелердин Координациялык кеңешинен алып салууну көздөшөт

Мамлекеттик эмес сектордун өкүлдөрү өздөрүнүн нааразылыктарын айтышат    

Мамлекеттин алдындагы миграциялык маселелер боюнча Координациялык Кеңеште эми мамлекеттик эмес секторлордун жана ишканалардын өкүлдөрү болбойт. Министрлер кабинетинин бул долбоорун Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. 

Андан сырткары бул долбоордо чет элдеги мекендештерибиздин уюмдарын да Координациялык кеңештен четтетүү күтүлөт.

Ошондой эле бул жаңы Кеңештин өзгөчөлүгү аны премьер-министр жетектейт.

Өкмөттүн мындай иш аракеттери мамлекеттик эмес сектордун өкүлдөрүн таң калтырып жатат.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюча Бирикменин аткаруучу директору Наталья Шипптин сөзү боюнча ошол өкмөттүк эмес сектор гана ички жана тышкы мигранттар менен түздөн түз иштешет.

- Албетте, биз мындай демилгеге каршыбыз,- дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Кечээ биз бул маселени талкууладык, бул кадамдар эч кандай миграция тууралуу көйгөйдү чечпейт. Кудум ушул өкмөттүк эмес гана секторлор өкмөттү миграция маселесин чечтирүүгө түрткү берип турат. Ошондуктан, Координациялык кеңеште өкмөттүк эмес сектордун болбошу бул артка кеткендик. Өкмөттүн бул демилгесинен мен логиканы көрбөй жатам. Тескерисинче бул аянтча мигранттардын маселесин чечүү үчүн дайыма ачык болушу керек. Албетте бул тууралуу биз өкмөттөн эмне үчүн мындай кадамга бардыңар деп түшүндүрмө сурайбыз.

Өз кезегинде миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын  Коомдук кеңешинин директеру Акылбек Ташбулатов да өкмөттүн бул идеясын жактырган жок.
 
- Бул чечим таптакыр түшүнүксүз, - дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Өкмөттүк эмес секторго болгон ишенбөөчүлүкпү же биздин ишибиз тууралуу туура эмес маалыматтар кетип жатабы?

Анткени менен бул нерсе түп тамырынан бери туура эмес деп эсептейм. Мигранттар менен болгон иштин баарын НПО аткарса. Мисалы, биздин миграция кызматынын аймактык өкүлү жок. Биз болсо Жалалабатта, Баткенде өкүлчүлүктөрдү ачтык, ал жерде мигранттарыбыз өздөрүн кара тизмеде бар же жок экендигин текшере алышат. Эгерде кара тизмеде бар болсо бул маселени чечкенге жардам да беребиз. Андан башка көптөгөн маселелерин чечип беребиз. Башкача айтканда иш жүзүндө биз миграция кызматынын милдетин аткарабыз. Эгерде бизди Координациялык кеңештен четтетишсе, өкмөт мигранттардын жашоосу тууралуу чоң маалыматтан айрылат.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх