Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстан аэропорттон жакшы пайда тапса болот»

Эксперттер биздин өлкөдө чет элдик компаниялар үчүн аба мейкиндигин ачуу керектиги тууралуу депутаттардын оюна кошулушат. Анткени менен мунун баары оңой эмес

Эксперттер депутаттардын ою менен макул. Бирок мунун баары оңойго турбайт. Кыргызстандын аэропортторун чет элдик учактар үчүн транзиттик хаб катары колдонуу идеясы жакшы. Бул оюн Vesti.kg сайтына  экономист Жумакадыр Акенеев билдирди.

- Биздин өлкөнүн сонун географиялык абалы бар, Кыргызстан аэропорттору менен жакшы акча иштеп тапса болот. Биздин аба мейкиндигибиз ар кандай категориядагы аба учактарын кабыл алуугу жөндөмдүү. Биринчиден бул учууну оңойлотмок, экинчиден биз ЕАЭСке мүчөбүз, бизде сапаттуу жана арзан авиакеросин бар. Бул европалык компанияларды тартууга ыңгайлуу, анткени аларда керосин кымбат. Чет элдик учактар бизге май куйуу үчүн токтошмок, а биз болсо мындан пайда тапмакбыз.

Жумакадыр Акенеев Кыргызстанда жашыра турган олуттуу аскердик база деле жок деп эсептейт.

- Биз аба мейкиндигин ачып, акча иштеп башташыбыз керек, - дейт ал. Азыр аэропорт колун сунуп бюджеттен аэропорттун тилкелерин оңдоого акча сурап турушат.
Өз кезегинде авиаторлор профсоюзунун төрагасы Каныбек Калмурзаев да депутаттар жакшы мыйзам долбоор сунуштап жатышкандыктарын айтат. Бирок аны иш жүзүнө ашыруу оңой болбойт.

- Чет элдик учактарды биздин аэропортко кондургубуз келгени менен, андан башка иштер да толтура. Өкмөттөр аралык келишим болушу керек. Бардык эле мамлекеттер эле өз аймагынан учуп өтүшүн каалай беришпейт, транзит болсо да. Буга таасирин тийгизчү көп факторлор жана саясий кырдаалдар бар. бирок биздин өлкө биринчи кадамды баштап аба мейкиндигин ачса, бажы пошлинасынан акча түшө баштайт. Аэропортубуз буга даяр.

Депутаттардын тобу Кыргыз Республикасынын аба кодексине толуктоолорду киргизүүнү сунушташты.

Эл өкүлдөрү Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдалануу үчүн чет элдик компанияларга укук берүүнү токтотууну көздөшөт.

«Ачык асман» режими эл аралык авиакомпанияларга жана алардын өлкөдөгү башка кызматтарына рынок ачат. «Ачык асман» бир гана транзиттик учууларга укук берүү эмес, ошондой эле баанын коюлушуна, багыттын белгиленишине ошондой эле учактардын түрлөрүнүн чектелүүсүнө өкмөттүн киришпөөсү болуп саналат. Мындай саясатты колдонуу менен жүргүнчүлөрдүн айлануусун 35 % жогорулатууга болот. «Ачык асман»  ондогон жумуш орундарды ачат. Бир гана Австралия жана Жаңы Зеландия менен болгон келишим 40 миң кишиге жумуш, ал эми Сингапурдагы либералдык аба режими 163 миң жумуш орунун  камсыз кылган. Бардыгы болуп бүгүнкү күнгө жарандык авиация 63 млн адамды жумуш менен камсыз кылат. Анын салымы дүйнөдөгү ИДП нын 3,5 % түзөт, - деп белгиленет мыйзамга негиздеме справкасында

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх