Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамэкотехинспекция жетим, жесирлердин үйүнө электр жарыгын киргизгенге уруксат бербейби?

Мекемедегилер курулуштагы көптөгөн эреже бузууларды көрсөтөт

Мамэкотехинспекция 2017-жылдын күзүнөн бери Чүй жана Искра айылдарындагы арап инвесторлору курган үйлөргө электр энергиясын берүүгө уруксат беришпейт. Бул туурасында депутат Урмат Самаев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Өткөн жылы инвесторлордун акчасына Искра жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн буйрутмасы боюнча жетим, жесирлерге деп алты үй курулган.

«Азыр Мамэкотехинспекция  ал үйлөр пескоблоктон курулгандыгы үчүн уруксат бербей жатат, - дейт депутат. - Үй курулуп жатканда алар кайда эле ? Болбосо алар акча талап кылып жатышабы ? Бардык жерде эле үйдү кумблокторунан курушат. Азыр элдер электр жарыгысыз отурушат, себеби уруксат бербей жатышат».

Мамэкотехинспекциядагылар уруксат берилбегендин себебин түшүндүрүштү.

Кемин, Чүй районунун жана Токмок шаарынын Башкармалыгынын начальниги Эсен Жамангараев Vesti.kg сайтына бул үйлөрдүн жашоочулары коопсуздук талаптарын аткарышса жана документтерин тууралашса гана уруксат берилээрин айтты.

- Үйлөрдү өздөрү билгендей эле куруп салышкан . Сейсмикалык экспертиза өткөн эмес, эсепке да турган эмес. Бизге курулуш материалдары кыш дешкен болчу, чындыгында кум дан жасалган блоктор экен. Соопчулук иш кылып жатсак сураштын
кереги жок деп ойлошкон го.

Башкарманын начальниги арыздангандарга эмне талап кылынаарын түшундүрдү: кумблоктон курган имаратты кыш менен чыңдоо, сейсмикалык экспертизадан өтүү жана документтерди толуктоо. Анын ичинде АПШ(Архитектуралык пландоо шарттары).

- Алар бизге күзүндө кайрылышкан, үйлөр күздө бүткөн болчу,- дейт Жаманкараев. - Келишип, уруксат берүүнү суранышты. Элден мурун учётко туруу керек эле, ошенткенде азыркыдай убаракерчилик болмок эмес.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх