Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Алтайдан келген көмөйкөдөн ырдоонун устаттарын уга алышат

Бишкекте «Алтай-ата бабалар жери» аттуу концерт өтөт

Бул концертте Алтай Республикасынан келген шыктуу композиторлор, музыканттар, ырчылар, бийчилер, көмөкөйдөн ырдоонун устаттары жана айтыш өнөрүнүн ээлери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Бул тууралуу Кыргызстандагы  «Хан Алтай» АК президенти Наталья Токова  бүгүнкү пресс-конференцияда  билдирди.

Анын айтымында концерт Бишкекке келген алтайлык артисттердин көптүгү менен өзгөчөлөнөт.

- Биз ушул күнгө чейин сакталып келген Алтай маданиятын көрсөткүбүз келет, - деди Токова. - Баарыңарды көмөкөй ырын  жана улуттук аспапта ойногондорду угууга чакырабыз. Ошондой эле концертте Кыргызстандын артисттери да ырдашат.

Эл аралык «Айтышчылар конкурсунун» лауреаты алтайлык Шонкор Модоров сөз кыстара кетти.

- Кыргызстанга келип, мен биз бир тууган эл экенибизге дагы бир жолу көзүм жетти. Мен бул элдин тилин түшүнөм. Биздин элдер өздөрүнүн искусстволору менен бөлүшүп жаткандарына абдан кубанычтамын.
Аягында Алтайдан келген артисттер өздөрүнүн улуттук аспаптарында ойноп беришти.

Бакыт Стамов
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх