Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамандыктын артынан жакшылык келет. Тарых музейиндеги жаңжал анын ачылышындагы аншлагды камсыздайт

Депутаттар укмуш акчага сатылып алынган жыгач аттарды көргүлөрү келип жатышат

Жаңжалдын чордонунда калган Мамлекеттик тарых музейи август айынын аягында көрүүчүлөр үчүн ачылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин пресс-катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында тагыраак күн кийинчерээк белгиленет.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары маданий мекеменин ачылышын кызуу талкууга алышты. Албетте алардын сөзундө мыскылы да бар.

Бишкектин бир жашоочусу ошол жомоктогудай баага сатылып алынган жыгач аттар менен гардероб мебелдерин көргөнү элдер укмуш эле агылып барат болуш керек,- деп жазат.

Жарандардын баары көрүп калууга ашыгып жатышат. Vesti.kg сайты менен кээ бир депутаттар байланышып, Тарых музейинин ачылышына баргылары келегендерин жашырышкан жок. Ал мекемеге болгон сатып алуулар алардын музейге болгон кызыгууларын эки эсе арттырып жибергендерин айтышты.
КСДП фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева алдыдагы боло турган ачылышка барууга ниеттенет.

- Эгерде ачылышка чакырышса чын дилим менен барам, - дейт ал. - Бирок жыгач аттарды көргөнү эмес. Муну менен укук коргоо органдары алектенсин. Мен тарыхый көрсөтмөлөрдү көргөнү барам.

Анын фракция боюнча кесиптеши Анвар Артыков да музейге баргысы келгендигин айтты.

- Албетте, барам, - деп кыска гана жооп берди ал.
 
Өз кезегинде Аида Исмаилова Тарых музейине катардагы көрүүчү гана эмес депутат катары да барып көргүсү келет.

- Бизге мындай маданий мекемелерге барууга мектептеги кезден бери үйрөтүшкөн. Ошондуктан мага өтө кызык болот. Анын үстүнө акыркы учурда болуп откон окуялардан кийин ал жердеги сатылып алынган нерселерди көргүм келет. Ал экспонаттарды кызыгуу менен карайм, өзгөчө 100 миң сомдук стулдар менен жыгач аттарды. Кыскасы мага тарыхтын ышкыбозу жана депутат катары мага бул нерсе кызык. Анын үстүнө менЖК социалдык комитетинин мүчөсүмүн.

Жаңжал 25-мартта Тарых музейине болгон "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттарынын көчмө сессиясынан кийин башталгандыгын эсиңиздерге салабыз.  Ал эми андан мурдараак социалдык тармактарда жыгач ат 14 миң еврого, гардероб эмереги 142 миң еврого сатылып алынган сметанын сүрөттөрү жарыяланган болчу.

Бакыт Стамов
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх