Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк бокс жылдызы Костя Цзю Ысык-Көлдө эс алып жатат

Спортчу ага Кыргызстандын табияты кандай таасир бергенин айтып берди

Дүйнөгө белгилүү булгаары мээлей мушкери Костя Цзю Ысык-Көлдүн кыласында ден соолугун чыңдап жатат. Ал өзүнүн кандай таасирленгенин билдирген видеону Facebook  колдонуучу Байыш Дүйшөналиев жарыя кылды.

Тасмада мушкер өзүнүн саякаттону жакшы көрөөрүн айтат.



«Азыр Кыргыз Республикасында, Ысык-Көлдө турам. Бул жакшынакай көлгө түшпөй коё албадым. Суу муздак экен, бирок мунун мааниси бар. Табият дайыма жакшы нерселерди тартуулап, көңүл көтөрүлөт»,- деп өзүнүн кубанычын бөлүшөт Цзю
    
Март айында мушкер инфаркт болуп, жүрөктүн кан тамырларына операция кылынгандыгын эскерте кетели.
Кесипкөй спортчу катары күнүмдүк турмушунда Цзю орто салмакта жана жарым орто салмакта мушташчу. Мушкер дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх