Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште Бишкектин жол курулушундагы «жаңы технологияны» сынга алышты

Кышында оңдолгон трассада жаракалар пайда болушу мүмкүн

Бул тууралуу Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин отурумунун жүрүшүдө айтты.            

Эл өкүлүнүн айтымында, жол оңдоп жаткандар шагылды колдонуп жатышат, мунун аркасында жолдун катмарында жаракалар пайда болот.

- Борборубузда көп жолдор оңдолуп жатат, бул албетте жакшы дегилечи, бирок сапаты да кошо жакшы болсо болмок, - дейт депутат. - Кышында бул жаракаларга суу толуп, муз болот, андан соң асфальт жарылат.  Адистер азыркы кылып жаткандарын жаңы технология дешет. Бирок бул канча убакытка чыдайт ? Канчалаган акчалар короду бул жолго.

Аягында Турсунбеков Балыкчы-Корумду жолун шашылыш бүткөрүүнү белгилеп кетти. Болбосо оңдоо иштери туристтик сезондо элди жүдөтөт.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх