Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүк компанияларга Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна демөөрчү болгула деп "жакшы кабар" келди

Эгерде бул мажбулоо болбосо, анда жакшы нерсе деген пикирлер бар

Өкмөттүк менчик компанияларга Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө демөөрчү болуу тууралуу сунуш келип түштү. Бул туурасында Vesti.kg сайтына базар, ишкана жана кызмат көрсөтүү тармагы Бирикмесинин президенти Сергей Понамарев билдирди.

- Эгерде чын көңүлдөрү менен катышып жатышса анда жаман эмес,- дейт ал. - Бирок мамлекеттин жана жеке кызыкчылыктарды аралаштырбаш керек. Ал эми көчмөндөр оюнун өткөрүү болсо - мамлекеттин милдети жана укугу.  

Ири компаниялар мамлекет сунуштаган жарыя аянтчаларына көңүл бурушса болмок дейт Сергей Васильевич.

- Биринчи жана экинчи көчмөндөр оюну бизнес структураны кыйгап өткөн жок, - деп эскертет ал. - Ошондуктан бул жолу да демөөрчү компаниялар катышат, албетте эч кандай мажбулоосуз болсо.

Facebook соц. тармагынын колдонуучусу Азамат Аттокуров «мамлекет компанияларды көчмөндөр оюнуна акча чогулткула деп жатат», деп жазат.

«Кайрадан эле Мегакомго, МАМ, Айылбанк жана башкаларга күч келет», - деп божомолдойт автор.

Алардын болжолунда, демөөрчүлөр бир гана мамлекеттик компаниялар болот, себеби аларды мажбулашат.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх