Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакшы жаңылык. Бишкекте ачык асман алдында кайрадан музыкалык кече өтөт

Мэрия жарандарды келээрки дем алышта жан эргиткен музыка угуп жана жакшы маанай алууга чакырат

Жайдын келишине арнап  Бишкек мэриясынын маданият Башкармалыгы муниципалдык администрация менен биргеликте, шаардыктарды ачык асман алдындагы музыкалык кечеси менен кубандырат.

Биринчи музыкалык кече 22-июнда саат 19:00 Свердлов районунун Т. Сатылганов атындагы багында болот.

Классикалык, эстрадалык жана элдик музыканы сүйүүчүлөр үчүн: Чоң симфониялык оркестр жана  Бишкек мериясынын үйлөмө аспаптар оркестри, эл аспаптар оркестри , чыгармачыл коллектив, ошондой эле кыргыз эстрадасынын артисттери болот.

Урматтуу шаардыктар ! Мэрия сиздерди дем алыш күндөрү маданий иш чарага келип, музыка угуп жана маанайыңыздарды көтөрүүгө чакырат !

Бишкек мэрисы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх