Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында бишкектиктерди Фучик атындагы жаңыланган бак кубандырат

Шаардыктар жана борбор шаардын меймандары үчүн 33 отургуч, 9 тренажёр, 70 ашуун бир жылдык гүлдөр отургузулган ж.б.

Ленин райондук администрациясынын маалыматына ылайык, Бишкектин Ю.Фучик паркында калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жаткан чак. 18-июндан баштап бактын төшөлмө жолдорунда асфальт төшөө иштери башталды. Азыркы учурда көчөдө машыгуу комплексине 9 тренажёр жана периметри боюнча  бетон каптамасы бар тосмо (350м кв.) орнотуу иши аяктап калды. Жарык берүү түркүктөрүн орнотуу иши аяктап, айланага жарык берилип баштады.

Бактын ылдый жагында 33 отургуч жана 66 урнаны орнотуп болушту. Бактын жогору жагында болсо отургучтарды орнотуу иши уланып жатат.

Бакты электр менен камсыздоо иштери да бүтө жаздап калды.

Ошондой эле  инженердик тармакка тийешелүү иштер да кылынды, суу өткөргүчтөрү жана канализация 7 жерден ишке киргизилди. Бактын административдик имаратынын алдында жашылдандыруу иштери жасалды, «Бишкек жашылдандыруу чарбасынын» кызматкерлери тарабынан  70 ашуун бир жылдык гүлдөр отургузулду.

Жалпы жонунан алганда бакты калыбына келтирүү иши июлдун башына барып аяктап калат.

Бишкек мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх