Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жапан шаарына боз үй тикти (видео)

Оштук жараныбыз жапандарды ушинтип биздин маданиятыбыз менен тааныштырууну чечти

Ош шаарынын тургуну Жапан шаарларынын биринин көчөсүндө кыргыздын улуттук боз үйүн тикти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда пайда болду.



Кадр артындагы үндөрдөн улам видеотасманын каарманы Шерзат экендигин билебиз. Ал көптөн бери Жапан өлкөсүндө жашайт, алтургай жергиликтүү жапан кызына үйлөнгөн.    

Ал бардык өзүнө тааныш жапандыктарды кыргыздын  боз үйүнө чакырып, тааныштырып жатат. Боз үйдүн ичине болсо, Шерзат дасторкон жайып Орто Азиянын ар кандай тамактарын жайнатып койгон.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх